7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Оберон” ЖЧКсынын “Дордой” жана “Орто-Сайдагы” базарлары жери менен кошо мамлекетке алынды

291

УКМК Бишкек шаарында жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин кайтарып алуу иштерин улантып жатат.

Анын алкагында, «Оберон» ЖЧКсы тарабынан «Дордой» (өлчөмү 6,42 га) жана «Орто-Сай» (өлчөмү 1,68 га) базарларында жайгашкан жер тилкелери ээлеп алгандыгы такталган.

«Оберон» ЖЧКсынын ээлери тарабынан 1998-жылы аталган жер участоктору убактылуу пайдаланууга (ижарага) алынган, буга карабастан «Оберон» ЖЧКсы тийиштүү кызмат адамдары менен сүйлөшүп, жогоруда аталган базарларга жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды мыйзамсыз алышкан.

Кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти тарабынан мыйзамсыз берилген токтомдорду жараксыз деп табуу үчүн административдик доо жөнөтүлгөн.

Бишкек шаарынын административдик жана шаардык сотунун кабыл алган чечимине ылайык, бул базарлар Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди. Муну менен наркы 3 млрд. 889 млн. 563 сом, жалпы аянты 8,1 га жер тилкелери мамлекеттин пайдасына кайтарылды.

Келечекте бул базарлардан түшкөн киреше Бишкек шаарынын бюджетине түшөт. Учурда УКМК тарабынан бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарынын катыштыгын аныктоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүп жатат жана юридикалык баа берилет.

УКМК ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча максаттуу иштерди улантууда.

292