7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн Asman Airlines авиакомпаниясынын экинчи учагы Кыргызстанга келет

282

Бүгүн саат 21:00дө Asman Airlines авиакомпаниясынын экинчи учагы Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, аймактарды байланыштырган аба каттамдарын жандандыруу максатында аэропорттор курулуп жатат. Алды ишке берилди.

«Аны менен катар мамлекет учактарды сатып алып, биринчиси каттамдарды аткарып жатат. Бүгүн, кечки саат 21:00дө экинчи учагыбыз келип конот. Сабыр кылып, мамлекеттин демилгесин кубаттап, ишенип турсаңыздар, алдынкы жылдарда мамлекеттик авиакомпаниябыздын дымактуу пландары бар, дагы өнүгөт. «Манас” аэропорту буга чейин кирешесине көзгө көрүнө турган кандай жумуштарды жасаганын эстей албайм, бирок акыркы жылдары кирешесин уурдатпай, өнүктүрүп, эскилерин оңдоп, жаңы самолетторду сатып алып жатат. Мамлекет эгемендик алган жылдардан бери иштеп кеткен жетекчилер жылына жок дегенде 1 учак сатып алса, учурда 30дай учагыбыз болмок экен. Тескерисинче “Кыргызстан аба жолдору” деген мамлекеттик авикомпанияны банкрот кылып, талкалап, талап-тоноп жок кылышкан. Ички каттамдарды аткарууга кийинки жылдын соңуна чейин дагы 2 учак келет. Мындан тышкары, “Asman Airlines” мамлекеттик компаниясынын эл аралык каттамдар үчүн эки даана чоң самолетторду алуу пландары бар», — деп жазды ал.

283