7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Октябрь окуясына 1 жыл». Садыр Жапаров элге кайрылуу жасады

707

Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, 2020-жылдагы октябрь окуяларынын бир жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуяларга бир жыл толду. Бул окуянын келип чыгуу себептери жөнүндө түрдүү пикир, көз караштар айтылып келет.

«Сиздерге белгилүү болгондой, былтыр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өтүп, адилетсиздик орун алгандыгына байланыштуу, шайлоочулардын нааразычылыктары күчөп, шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу талабы катуу коюлган. Бул талапка өз учурунда жооп берилбегендиктен, нааразы болгон элдин калың катмары бийликти кулатууга мажбур болгон.

Мындай жагдайдын пайда болушуна 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын редакциясынын парламенттик-президенттик башкаруу формасына өтүү деген тариздеги мамлекеттин кызыкчылыктарына туура келбеген өзгөртүүлөрү себеп болду десем жаңылышпайм. Себеби 2010-жылдагы Конституциянын редакциясы пропорционалдык шайлоо системасын киргизип, тилекке каршы шайлоолор жабык тизме менен өткөн. Бул система саясий коррупцияга жагымдуу шарттарды жараткан. Натыйжада саясий партиялардын лидерлери жабык тизмени кызылдай эле соодалап, шайлоодо добуштарды сатып алуу күчөгөн. Бул саясий коррупция андан ары уланып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн түзүү укугуна ээ болгон парламент министрлик портфелдерин бөлүшүп, Өкмөттүн, дегеле аткаруу бийлик бутагынын өз алдынча иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, талкалаган. Элдин алдындагы жоопкерчилик дээрлик жоголгон. Парламент Өкмөткө, Өкмөт болсо, кайра парламентке түртө салып, Президент эч нерсе болбогондой мамиле кылып отуруп жоопкерчиликти эч бир бийлик бутагы алгысы келбей калган. Бардык бийлик бутактарынын легитимдүүлүгү күмөн жараткан абалга кептелген. Конституциянын биринчи эле беренесиндеги “бийликтин ээси эл” деген негизги принцип одоно бузулган. Ошентип эл менен бийликтин өз ара аракеттенүүсү төмөндөп, нааразычылыктар өскөн. Саясий партиялар коомдун тигил же бул катмарынын кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн эмес, анын башында турган саналуу адамдардын гана кызыкчылыгын көздөп калган. Мындай адилетсиз түзүлүш эртеби-кечпи кулайт эле. Акыры элдин башкы мүдөөсү Конституция менен негизделип калган жоопкерчиликсиз бийликти кетирүүгө чейин жеткен. Андан тышкары коррупциянын пандемия шарттарында гүлдөшү да элдин кыжырдануусун күчөткөн жана бийликке болгон ишенимин биротоло жоготкон.

Ошол күндөрү жарандык араздашуунун оту тутанып, мамлекеттин кыйрашын шарттайт деген кооптонуулар менен коштолуп, душмандарыбыз сүйүнүп, досторубуз күйүнүп турган.

Бирок, биздин акылман элибиз, даанышман журтубуз андай саясий чайкоочулуктан, чагымчылдыктан өзүн бийик кармарын көрсөттү.

Октябрь окуялары тилекке каршы жоготуусуз өткөн жок. Нааразычылыкка чыккан эл адилетсиз саясатка каршы туруп, өз жанын курмандыкка чалууга да даяр болуп калган эле. Учурдан пайдаланып, курман болгон Үмүтбектин жана башка жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө таазим этип, дагы бир жолу көңүл айтам!», — деп жазылат кайрылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

708