7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Октябрь окуясында жаракат алгандар каралбай калды» деген маалымат жалган

471

Социалдык тармактагы «2020-жылдагы октябрь окуясында көзүнөн жаракат алган жаран каралбай калды» деген маанидеги маалымат боюнча Аскат Алагозов төмөнкүлөрдү билдирди.

«Дамир аттуу жаран президент Садыр Жапаровдун атына видео кайрылуу жасап, «Көзүнө операция жасатып берүү» өтүнүчүн, ошондой эле буга чейин Биринчи айым Айгүл Жапаровага да кайрылып, эч кандай майнап болбогонун айткан.

Чындыгында аталган жаранга октябрь окуясында жабыркаган башка жарандар менен бирге эле операция жасатып, көз салып берүү сунушталган. Бирок, ал белгисиз себептерден улам ага макул болгон эмес жана келбей койгон.

Көз салып берүү операциясын жүргүзүү үчүн талап кылган тийиштүү процедуралардан өтүү зарылдыгын да четке каккан.

Так ушундай эле абалга кабылган 35 балага операция жасатылып, жасалма көз салынган.

Эгерде кайрылуу жасаган жаран көз салдыруу операциясына макул болгон болуп, келе турган болсо азыр деле аны ишке ашыруу кеч эмес.

Болгону, убагында анын саламаттыгына кам көрүү сунуштарынан караманча баш тартып келип, эми коомчулукка ачык кайрылуу жасап жатканы биз үчүн таң калычтуу жана түшүнүксүз болууда»,- деди ал.

472