BURANA FASHION WEEK эл аралык мода жумалыгынын юбилейлик сезонуна карата “Мода индустриясы” компаниясы жана “Подиум Кыргызстан” мода журналы 1-октябрдан 31- октябрга чейин “Мода жана эстетика” айын өткөрүүгө даярдык жүрүп жатат. Бул тууралуу BURANA FASHION WEEK эл аралык мода жумалыгынын негиздөөчүсү жана уюштуруучусу Назира Бегим кабарлады.
Кыргызстандык жана чет элдик дизайнерлер үчүн “Жыл мезгилдери” аталыштагы тема берилди.
Программанын алкагында бир ай бою Мода жана эстетика дүйнөсүнө байланыштуу иш чаралар өтөт. Алар,
- башталгыч жана жаш дизайнерлер арасында атайы сынак;
- өзгөчө кийимдер көргөзмөсү;
- жергиликтүү жана чет элдик дизайнерлерден эксклюзивдүү кийимдер коллекциясы;
- кол өнөрчүлүк жарманкеси;
- мастер-класстар, семинар, бизнес-жолугушуулар;
- street-style;
- Подиум Кыргызстан журналынын тандоосу менен Мода чөйрөсүндөгү мыктыларга сыйлык тапшыруу аземи;
30-октябрда атайы чоң Кайрымдуулук кече, сыйлык тапшыруу аземи, балдар коллекциясынын ошондой эле онкология борборунун балдары тарткан сүрөт көргөзмөсү менен жыйынтыкталат.
Сынактын жеңүүчүлөрүнө Италия, Индия, Түркия, Египет, Туркестан, Өзбекстанга атайы мода жумалыктарына жана саякатка жолдомолор берилип, баалуу сыйлыктар тапшырылат.