7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жакында кызматка кыянаттык кылган Салиевдин иши аяктап, сотко жөнөтүлөт

709

Президенттин мурдагы аппарат башчысы Салиевдин иши боюнча тергөө жакында аяктайт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Алманбет Салиевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин териштирүү иштери улантууда. Ал өлкөнүн мамлекеттик органдарында ар кандай кызматтарды ээлеп, анын ичинде Республиканын Президентинин Администрациясынын башчысынын орун басары болуп турган кезде, ар кандай кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, аны туугандарынын атына жана жакын адамдарына каттаган. Мүлктөрү 70 миллион сомдон ашык бааны түзөт, бул анын расмий кирешесинен кыйла жогору.

Мындан тышкары, тергөө учурунда Алманбет Салиевдин өлкөнүн Президентинин Администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп турган кезде коррупциялык көрүнүштөргө тиешеси бар экендиги жана пайда көрүү үчүн  укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө кийлигишкени тууралуу  маалыматтарды текшерүүгө багытталган тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө акыркы стадияда турат жана жакынкы аралыкта аяктап, материалдар негизи боюнча кароо үчүн сот органдарына жөнөтүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

710