7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан пакистандыктардан 1 миллион доллардан ашык киреше тапты

1128

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев пакистандыктардын Кыргызстанга келиши менен бюджетке канча каражат түшкөнүн айтып берди.

Анын айтымында, жалпы 1 миллион доллардан ашык акча түшкөн. Ошондой эле ал туристтик электрондук виза берүү чет өлкөлүктөргө 51 доллар турарын айтты.

«Январдан бери 10 миңге жакын виза берилди. «Кыргызаэронавигация» 65 чартердик учакты тейлегени үчүн 200 миң доллар киреше тапты. «Манас» аэропортуна 550 миң доллар түштү», — дейт ал.

Мындан тышкары, алар турак-жай жана тамак-аш үчүн дагы акы төлөшөт. Ал акчалардын баары бизде калат.

2021-жылдын июль-августунда Пакистандын жарандары туристтик виза берүү үчүн консулдук кызматтарды көрсөтүүгө 370 миң долларга жакын каражат алышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1129