Унаа уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 7-сентябрда Ленин РИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.
Окуя 5-сентябрда түнкү саат экиде болгон. Бишкек шаарынын тургуну өзүнүн «Toyota 4Runner» унаасын Гагарин жана Кырк кыз көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан унаа жуучу жайга таштап кеткен. Бирок, машинаны унаа жуучу жайдын кызматкерлери уурдап кетишкен. Бул факты Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) боюнча катталган.
Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган У.У., 2005-жылы туулган М.С. жана 2001-жылы туулган К.С.ны кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизишкен. Кийинчерээк сот жашы жете элек эки баланы бошотуп, үчүнчүсүн СИЗО-1ге бир айга камады.
Унаа болсо, Сокулук районунан кырсыкка кабылып, талкаланган абалда табылды.
Милиция кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар экенин аныктайт. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.