7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Окумуштуу Асел Сартбаева Улуу Британияда «Жылдын мыкты айымы» деп табылды

601

 

Окумуштуу Асел Сартбаева Британиянын абройлуу FDM Every woman in technology премиясынын ээси болду. Бул туурасында Everywoman уюмунун сайтына жарыяланды. Маалым болгондой, ал технология жаатында «Жылдын айымы» номинациясына татыды.

«Сартбаева технология тармагында төңкөрүш жасап гана тим болбостон, глобалдык өнүгүүгө жана биримдикти жайылтууга эбегейсиз таасирин тийгизген феноменалдуу аял. Уюштуруу комитети Сартбаеванын эмгеги дүйнө жүзү боюнча аялдар менен балдардын өмүрүн сактап калат деп ишенет», — деп жазылган билдирүүдө.

2017-жылы Асел Сартбаева баш болгон окумуштуулар тобу вакциналарды тоңдурбай туруп сактоонун инновациялык ыкмасын иштеп чыгышканы үчүн химия тармагындагы эл аралык «IChemE Global Awards 2017» сыйлыгын алышкан. Окумуштуулар тобу вакцинаны кремний менен каптоо жолун иштеп чыгып, ушул ыкмада вакцина ар кандай температурага туруштук бере аларын аныкташкан. Мындан улам вакцинаны башка жакка жөнөтүүдө атайын муздаткыч талап кылынбайт. Бул систем иштелип чыга электе вакциналар бөлмө температурасында эле жараксыз абалга келип калганы айтылат.
Учурда ал Кембридж жана Оксфорд университеттеринде эмгектенет. 2019-жылы «Вакциналар: кансыз согуштун аякташы» деген эмгеги үчүн Англияда Хансон атындагы медаль алган.

 

602