7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Окумуштуулардын айлыгын 100 пайыз көтөрүү пландалууда

443

Илимий кызматкерлердин эмгек акысын 100 пайыз көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Илимий институттарда иштеген жардамчы, тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысы 80 пайызга жогорулайт.

«Илимий кызматкерлердин эмгек акысын 100 пайызга жогорулатуу пландалууда: анын ичинде кызматтык окладды аныктаган коэффициентти 50 пайызга, кызматтык окладга кошумча төлөмдөрдү 50 пайызга көтөрүү каралган. Натыйжада жалпы жогорулоо 100 пайызды түзөт», — деп айтылат маалыматта.

Бул токтом долбоору тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашылып, бирдиктүү чечим катары кабыл алынган. Белгилей кетсек, президенттин жогоруда аталган Жарлыгында илимий уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысын 70 пайыздан 100 пайызга чейин көтөрүү тапшырмасы коюлган.

 

444