7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Окуучуларга темир жолдогу коопсуздук эрежелери түшүндүрүлдү

308

Темир жолчулар Ысык-Ата районунунун темир жолго жакын жайгашкан мектептердин окуучуларына жана директорлоруна темир жол коопсуздук эрежелер тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Кырсыктын негизги себептери болуп коопсуздук эрежелерин сактабагандык эсептелет. Кырсыкты алдын алуу үчүн машинисттер поездди чукул токтотушат. Бирок токтотуу аралыгы 400 метрден 800 метрге чейин баргандыгына байланыштуу поезд дароо токтобойт.

Темир жолго таштарды, металл буюмдарды таштоо фактылары байма-бай катталууда. Жүргүнчү ташыган поезддердин терезелерин таш менен уруу көрүнүштөр дагы болуп келет. Ушулардын бардыгы поезддердин кечиктирилишине, графигинин бузулушуна, темир жолдун чыгымга учурашына, жүргүнчүлөрдүн жана кыймылдуу курамдын персоналына коркунуч жаратат. 

Түшүндүрүү иштери жыл сайын тынымсыз жүргүзүлөт.

 

 

309