7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

OpenAI жана Илон Маск сот отурумунун тездетилүүсүнө макул болушту

260

Илон Маск менен OpenAI ортосундагы талаш эми жаңы деңгээлге чыгат. Тараптар компанияны коммерциялык моделге өткөрүү үчүн тездетилген сот процессине макул болушту. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирет.

АКШнын федералдык сотунун документтерине ылайык, OpenAI жана Маск 2024-жылдын декабрында соттук териштирүүнү башташкан. Сот Масктын OpenAI компаниясынын коммерциялык компания катары трансформациясын токтотуу боюнча өтүнүчүн четке каккан, бирок күзүндө тездетилген сот отурумуна макул болду.

“Биз соттун 4-марттагы чечимин кубаттайбыз, Илон Маск өз кызыкчылыгын көздөп OpenAI компаниясынын өнүгүүсүн жайлатып жатат”, -дейт OpenAI.

OpenAIдин негиздөөчүлөрүнүн бири болгон Маск 2015-жылы  компания масштабдуу боло электе кетип калган да, 2023-жылы ага атаандаш катары xAIди негиздеген.

2024-жылы ал OpenAI жана анын башкы директору Сэм Альтманга каршы сотко кайрылып, “адамзаттын кызыкчылыгы үчүн жасалма интеллектин түзүү” деген баштапкы миссиясынан четтеп, башкаруунун коммерциялык моделине өтүп жатат”,- деп айыптаган.

261