7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орхан Инандынын унаасындагы видеорегистраторго түшүп калган жарандын сүрөтү чыкты

8753

Дайынсыз жоголуп кеткен Орхан Инандынын жактоочусу Таалайкүл Токтакунова, Инанды жок болуп кетээрдин алдында анын унаасындагы видеорегистратордун тасмасынан акыркы учурда учурларда көрүнүп калган жарандардын сүрөтүн жарыялады.

«Балким, кимдир бирөө видеого түшүп калган адамды тааныйт? Туугандарынын айтымында, тергөөчү видеорегистратордогу жаздырууларды алган эмес. ИИМ үчүн күбөлөрдү, шектүүлөрдү суракка алгандан көрө эски курулуштардан издеген жеңилирээк болуп жатат окшойт«, — деп билдирди жактоочу. Бул видеолор тергөөчүгө өткөрүлүп берилди.

«Бир күн өттү, алар видео ишке тиркелгендиги тууралуу өтүнүчкө оозеки да жооп кайтара элек», — деп Токтакунова белгиледи.

Ал эми ИИМдин маалымат кызматы бул маселе боюнча тактоо жүрүп жатканын айтты. Жаңы жагдайлар чыгаары менен кабарлайбыз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

8754