7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орозо айындагы битир-садаганын, зекеттин өлчөмү бекитилди

428

Муфтият 2024-жылдагы битир-садаганын өлчөмүн бекитти. Бул тууралуу муфтияттан билдирди.

Быйылкы Орозо айында берилүүчү битир-садага 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар. Базар баасы менен алганда ар бир адамга 50 сомдон эсептелди.

Буудайдан сырткары ун (1 кг 600 грамм), мейиз (1 кг 600 грамм), арпа (3 кг 200 грамм), курма (3 кг 200 грамм) менен берсе болот. Базар баасы менен алганда мейиз – 680 сом, ун – 75 сом, арпа 85 сом болсо, курманын баасы 850 сомду түздү.

Битир-садага берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел.

2024-жылга карата зекеттин баасы

Ар бир мусулман пенденин байлыгы Ислам шариятында көрсөтүлгөндөй зекет (нисабына) өлчөмүнө жетип, колунда кармалып турганына бир жыл толсо, ал мусулманга зекет берүү парз болот.

Зекетке ошол байлыктын кырктан бир (40/1) бөлүгү берилет. Тагыраак айтканда 2.5%  берилет.

Зекеттин (нисабы) өлчөмү алтын эсебинде 20 (мискалга) алтынга барабар. 20 мискал орто эсеп менен 85 граммга туура келет. Кыргызстанда 1 грамм (жасалга болбогон-лом) алтындын орточо баасы 3400 сомду түзөт. Жыйынтыгында: 85 грамм алтын 3400 сомдон эсептелгенде  289 000 сом болот, ушул зекеттин (нисабы) өлчөмү, анын кырктан бири  7225  сом зекет катары чыгарылат.  Бул алтын, нак акча жана соода-сатык максатында алынган товарлардын зекетинин өлчөмүнүн башталышы. Колдогу байлыктын же акчанын суммасы көбөйгөн сайын зекеттин эсептери өзгөрүлөт. Бул эсеп ушул күндөгү алтын баасына карап берилди.

Зекет күнүмдүк турмушта керектелүүчү нерселерден (үй, унаа, кийим-кече, тамак-аш, идиш-аяк ж.б.) берилбейт!

Малдын зекети

Уйдун зекети. Ар бир мусулман пенденин бодо малы 30 (отуз) уйга жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, ошондо  бир жаштан ашкан  кунаажын зекет катары берилет. Топоздон дагы зекет берилет. Анын өкүмү уйдун зекетинен эч айырмаланбайт.

Кой, эчкинин зекети. Ар бир мусулман пенденин  майда малы 40 (кырк) койго же 40 (кырк) эчкиге жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, ошондо  1 кой же 1 эчки зекет катары берилет.

Төөнүн зекети. Ар бир мусулман пенденин төөсү 5 (беш) төөгө жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, 1 кой зекетке берилет. 10 (он) төөгө жетип калса 2 кой ж.б

Жылкынын зекети. Ар бир мусулман пенденин күнүмдүк жашоого колдонулбаган, алты айдан ашык жайытта багылган, арасында кеминде 1 ургаачысы бар  жылкыларынан зекет берилет. Бир же андан көп жылкынын баасы алтын эсеби менен (нисабка) зекет берүү өлчөмүнө жетсе кырктан бири зекетке берилет.

Бул  мал жандыктардын зекетинин өлчөмүнүн  башталышы. Мал көбөйгөн сайын зекет эсептери өзгөрөт.

Үшүр-2024: Тартиптери жана өлчөмү

Азирети Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) өзүнүн хадисинде мындай деген: “Жерден алынган түшүмдөрдөн (ондон бири, 10/1) үшүр катары  берилет”.  (Бухарий, 1473).

1. Үшүр (же үшүрдүн жарымы) жерден өндүрүлгөн дандан, мөмө жана жер жемиштерден, маданий жана атайын максатта өстүрүлгөн өсүмдүктөрдөн берилет.

2. Жогорудагы аталгандардын өлчөмү белгиленген эмес. Аз-көбүнө карабастан алынган түшүмдөн берилет. Ошондой эле аталган өсүмдүктөрдүн узак мөөнөткө сактоого жарактулуугу да эске алынбайт.

3. Үшүр маселесинде убакыт чектелбейт. Түшүм канча ирет алынгандыгына жараша берилет.

4. Түшүм берчү жер кайрак болсо, же сугарма болуп дарыя-каналдан табигый агып келген суу менен сугарылган учурда, түшүмдүн ондон бири (10/1) берилет. Ал эми кол эмгеги менен чакалап ташылып, же атайын жабдыктардын көмөгү менен суу тартылып келинген убакта, же суу сатылып алынган учурда түшүмдүн жыйырмадан бири (20/1) берилет.

5. Жерден алынган түшүмдүн жалпы көлөмүн жерге кеткен чыгымдар чыгарылбастан туруп үшүр (же анын жарымы) берилет.

6. Балдын үшүрү ондон бир (10/1) бөлүк болуп саналат.

Эскертүү: Үшүр маселесине тиешелүү суроо-талаптар болсо Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын фатва бөлүмүнө кайрылып кененирээк маалымат алууга болот. 

 

 

 

429