Президенттин администрациясынын маалымат саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков:
«Мелисти менчелик билсеңер айткыла…. Кеп башынан болсун. Мелис Аспеков мезгил-мезгили менен оюнан чыгарган жомокторун жарыялап калат. Бул жолу дагы кезектеги калптарын жазыптыр. Анын кандай экенин, өткөн тарыхын жакшы билген адамдар “ээ баягы өнөрү кармап калган тура”-деп эле күлүп коёт.
Кечээ жазгандары тууралуу кесе эле айтайын, караандай калп! Мелис, өткөн күндөрдү эстегенге аргасыз кылып жатасыӊ. Сага жооп берип коёюн, угуп тур.
Шылуундугуң 2010-жылдары эле башталган, анда фамилияң Какешов эле. Кийин улам камала берип фамилияӊды дагы өзгөрттүӊ.
2015-жылы ишкерлердин ири суммадагы акчасын алдап кетип, кайтарып бербей камалдыӊ. Ошондо, “таксинин акчасын төлөбөй жаӊжалдаша кетип камалды”-деп абийириӊди баарыбыз жаптык. Бир кыйла отургандан кийин абактан чыктыӊ. Алдамчылыктан таап, катып койгон акчаларыӊа квартира, кымбат баалуу унааларды сатып алдыӊ. Көрсө элди сызга отургузуп, ал үчүн түрмөгө бир аз отуруп “адалдап” көнүп калган өнөрүң бар тура.
Түрмөдөн чыгып эле түрдүү сунуштарды берип баштадың, чогуу жүргөн балдарга “мен казак оппозиционери Мухтар Аблязов менен сүйлөшүп жатам, Кыргызстанда революция кылганга каражат берем деди. Барып жолугуп келишим керек, мага жолума акча чогултуп бергиле”-деп ар бирибизге кайрылдыӊ. Аныӊа эч ким ишенген жок. Көп өтпөй, “Дайыр сен Атамбаев менен соттошуп жатасыӊ. Мен дагы камалып чыкканмын. Аблязовдон миллион доллар алып келем, революция кылабыз деп айтам. Келгенден кийин акчанын көп бөлүгүн катып коюп, бир азын иштетип митинг кылабыз. Провокация уюштуруп камалып кетебиз. Түрмөгө бир аз отуруп чыдап койсок, кийин чыкканда миллионер болобуз. Аблязовго болсо “акчаны элге таратып салган элек, бизди камап салды”,-деп ишендиребиз дедиӊ. Ошондо, “түрмөгө түшүп миллионер болгуча, суу ичсек деле эркин жүргөн жакшы да”-деп кошулбай койдум. Муну эмнеге айтып жатам? Мурда деле ишкерлерди алдап кетип, акчасын катып коюп, абакка отуруп, кайра чыгып ошол акчага жашап көнүп калганыңды далай жолу далилдедиң.
2020-жылдагы октябрь окуясында жылдызыӊ жанды. Садыр Нургожоевичтин жанынан көрүнүп, элге эӊ ишенимдүү адамы, оӊ колу катары таанылдыӊ. Офисиӊе бийлик алмашуу учурундагы чогу турган сүрөттү илип алып, келгендерди манипуляция кылдыӊ. Көп эле ишкерди тонодуӊ окшойт. Октябрга чейин жөө жүрчү элеӊ, андан кийин дароо кымбат унааларды айдап, жан сакчылар менен жүрүп калганыңды жумурай журт көрдү. Тегерегиӊдеги балдардын “Мелис акырын бол, сөз тийет, көз тийет”-деген акыл кебин уккуӊ да келбеди. “Победителя не судят!”-деп кулак салган жоксуң. Ал кезде бийлик баш-аягын жыйып, күчтөнө элек болчу. Жаӊы гана калыпка түшө баштаган. Баш аламан учурдан пайдаланып билгениӊди жасадыӊ.
Аӊгыча президенттик шайлоого даярдык башталды. Аксы районунда Каныбек Туманбаевдин кадыры бар, шайлоого көмөктөшсө пайдасы тийерин айтып, иштешүүнү сунуш кылдым. Сен Каныбек Туманбаевди эрчитип Садыр Нургожоевичке тааныштырып алып кирип чыктың. Ал кезде көп эле адамдар шайлоого кол кабыш кылам деп кирип таанышып жатышкан. Жолугушуу кыска эле болуп, “кол кабыш кылуу ниетиң болсо, районуңда сени уккандарга айтып, колдотуп кой”-деп сөз бүтөт. Эки күндөн кийин “шеф шайлоого сенден кошумча 1 миллион доллар сурады”-деп жетип келдиӊ. Каныбек аке жолугушууда акча тууралуу сөз дагы болбогонун айтып, кайра кирип чыгалы деди. “Кирбейсиӊ, акчаны коюп кой, 3 күн срок”-деп айттыӊ. Үч күн ичинде сага көп жолу “мындай болбош керек болчу, чын эле айттыбы?”-деп ортого түшүп мен жүрдүм. Үчүнчү күнү Каныбек акенин офисине өзүӊ келип, “же акчаны кой, болбосо камаласыӊ!”-деп аны опузалап кеттиӊ, мен күбөмүн. Ошол күнү кечинде жолугалы деп, сенин квартираӊа бардым.
Айткандарыӊды кайталайын:
“Даке, сен Каныбектин эмнесин аяйсыӊ, андан көрө барып, акчаны берели деп ага айт. Бирок акчаны мен алып кетем. Бир миллион доллар чечсеӊ, сага 250 миӊин шытыр-шытыр-шытыр деп санап берем”,- деп колуӊду шытыратып көрсөтүп оозумду ачырдың.
“Мелис, туура эмес кылып жатасыӊ. Каныбек аке менен ага ини болуп калганбыз, көп жылдык мамилебиз бар. Анчалыка барба”-деп сени ынандыра алган жокмун, көзүңдү май басып калган экен. Айтканымды уккуң да келген жок.
Көп өтпөй эле Дөөлөт байкеге (президенттин иниси) байлынышып жолугуп, окуяны айтып бердим. Ал, “Мелис шефтин жинин билбей жатат окшойт, бул жоруктары билинсе жаман болот”-деди.
Аңгыча эле Каныбек аке Кыргызстандан сыртка чыгып кетип калды. Себеби, Мелис улам байланышып “сени каматып жок кылам”-деп коркутуп, тынчын алып туруп алды. Ойлонуп көрсөм ошондо учурдан пайдаланып, Каныбек Туманбаевден 1 миллион доллар шыпырып кетейин деген экенсиӊ.
Ошентип көп өтпөй эле Мелис Аспеков “Кыргыз Темир жолу” ишканасына барып 250 миӊ доллар алып кеткени билинип, УКМК тарабынан кармалып камакка алынды. Мен билгенден эле Каныбек Туманбаевди 1 миллион доллар бересиӊ деп кыйнаган. Ал кезде шайлоого даярдык болуп, баш аламан мезгил болчу. Аспеков мындай учурдан пайдаланып чоӊ жана майда бизнесмендердин далайынын канын сорду окшойт. Акчаларды сапырып Чүйдө улак өткөрдү, миллиондогон акчаларды чачып Бишкекте эрежесиз эр уруш таймашын кылды.
Акыркы жолу үй камагына чыгып, жөн жүрбөй “бийликти күч менен басып алалы”-деп уюштуруп кайра түрмөгө түштү. Эми түрмөдө жөн отурбай күндө калптарды ойлоп таап, жалган маалыматтарды жазган катын коомчулукка жарыялап жатат.
Мелис, элдин акчасын алып катып коюп, түрмөдөн чыкканда пайдаланам деген оюӊ дайым эле ишке аша бербейт. Көгөрүп отура бербей, “Кыргыз Темир жолунан” карактап алган 250 миӊ долларыӊды төгүп, тынч өмүр сүрбөйсүӊбү деп кеӊеш берем.
И баса, Райымбек Матраимов менен ынак мамиледе элем депсиӊ. 2020-жылга чейин күн сайын аны “камалсын” деп жазып жүрдүң. Эми келип кайсы “жакшы мамилеӊерди” айтып жатасыӊ? Аянтта “Райым миллион камалат!”-дегенде уралап кол чаап турган да сен элең го? Бул апыртмаӊ дагы суу кечпей калыптыр Мелис.
Ооба, сен экөөбүз учурунда Атамбаевдин бийлигинин куугунтугунан улам сапарлаш болгонубуз чындык. Бирок сен башка жолду, мен башка жолду тандадым. Мен азыр сени жакшы түшүнүп турам. Сен буга чейин колуң менен жасаган ишти, бүгүн моюнуң менен тарткың келбей мезгил мезгили менен жомок жазып отурасың. Бир эмес, бир нече жолу темир тор артына кирип чыксаң да, ал негедир сага сабак болбоду. Сөзүмдү аягында сага айтаар элибиздин жакшы сөзү бар, «бүгүнкү амалың кандай болсо, эртеңки акыбал ошондой болот» дейт. Улам бир калптын артынан экинчи жалганды токубастан, ыйык орозо айында Кудайдан коркуп дилиңди жана тилиңди тазаласаң, ошол өзүң үчүн да, коом үчүн да пайда болоор эле.»,- деди Орунбеков.