7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орунбеков блогерлер менен журналисттерге кайрылуу жасады

18

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков ММК өкүлдөрү, блогерлер жана журналисттерге кайрылуу жасады.

«Ар бириңер мекенди сүйгөн, Кыргызстандын патриот атуулусуңар. Өлкөбүз өнүксө деген тилек, кыял баарыбызда бар. Ал үчүн мамлекетибиздин аброю жакшы болушу абзел. Биздин өнүгүүнүн бирден бир маанилүү булагы — туризм. Азыр туристтик сезон кызып турган учур. Дал ушул маалда болуп жаткан кырсыктарды, зордук-зомбулукту чагылдырбай, бир аз карманып турууну суранам.

Башка өлкөлөрдө да кырсыктар, атышуулар, адам өлтүрүүлөр сыяктуу окуялар болот. Бирок алардын жарандары, журналисттери жана блогерлери мындай окуяларды чагылдырууда өлкөсүнүн аброюна шек келтирбөө үчүн жоопкерчиликтүү мамиле кылышат. Анткени башка өлкөгө эс алууга барган туристтер социалдык тармактардагы жана интернеттеги маалыматтарды окуп, изилдешет.
Акыркы мезгилде жол кырсыктары, андагы оор көрүнүштөр, кандуу кадрлар, адамдын жанчылган денеси тартылган сүрөт-видеолор коомчулукка жарыяланып жатканын көрүп жатам. Мындай материалдарды таратуу менен эч кандай пайда таппайсыңар. Тескерисинче, адамдын аң-сезимине терс таасир тийип, коомдо агрессия, чочулоо жаралат.

Ошондуктан, урматтуу мекендештер! Өнүгүүнүн бирден бир булагы болгон туризм тармагына зыян тийгизбейли. Анын ордуна туристтик жайларыбызды, Кыргызстандын кооз табиятын, улуттук меймандостугубузду кеңири чагылдырып, жакшы жактарын көбүрөөк айтып, көрсөтөлү!»,- деди Орунбеков.

19