Саналуу күн мурун Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтына Айкөл Манастын жаңы айкели орнотулду. Эстеликтин түзүлүшү коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратып, талкууга жем таштады.
Ал арада президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу өз пикирин билдирди.
Анын айтымында, ар ким Манасты өз кыялына жараша элестетет. Дүйнө тааным, аң-сезимдин деңгээли кандай болсо, Манас ошондойчо кабыл алынат.
Ошондой эле ал коомчулукта Манастын талкууланышы улуу мураска кайдыгерликти эмес, аны бийик көрүүгө умтулуп жаткандыкты көрсөтөт деп белгиледи.
«Манас — ар бир кыргыздын руханий түшүнүгүндө, жүрөгүндө ар түрдүү формада жашаган улуу күч. Анын образын материал менен толук жеткирүү мүмкүн эмес. Манастын келбети биздин элестетүүдө чексиз, ошондуктан аны эч ким так сүрөттөп бере албайт. Анткени аны көргөн да, сүрөттөгөн да болгон эмес. Манасчылар гана аян түрүндө көргөнүн угуп жүрөм.
Азыр “Манас окшошпой калыптыр” деп жаткандар деле аны өз дүйнөсүндө чексиз, улуу образда элестеткендер деп ойлойм. Эстелик болгону символ. Ал Манасты эстетип турган бир предмет, бирок Манастын өзү эмес.
Андыктан, Манаска окшошпой калыптыр деп талкуулай берген деле ашыкча. Кандай болбосун, кыргыз балдары Манасты талкуулап жатканы — бул жакшы көрүнүш. Бул улуу мураска кайдыгер эместигин, аны бийик көрүүгө умтулуп жатканын көрсөтөт. Туура, Манас эстеликте эмес — ал ар бир кыргыздын жүрөгүндө», — деди ал.