7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орунбеков: Унааны камсыздандыруу токтотулган жок

399

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу программасы (ОСАГО) боюнча кыскача маалымат берди.

Анын айтымында, буга чейин унааларды 1-июлга чейин камсыздандырбаган жарандарга айып пул салынат деген чечим чыккан эле. Азырынча жарандар камсыздандыруу кампаниясына активдүү катышууда. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун өзүндө эле 211 миңден ашуун унаа камсыздандыруудан өткөн. Жеке компанияларды кошкондо жалпысынан 500 миңге жакын унаа камсыздандырылды.

«Социалдык тармактарда «камсыздандыруу токтотулду» деген туура эмес маалыматтар тарап жатат. Чынында камсыздандыруу иши уланууда, бүгүндөн тарта күчүнө кирди. Болгону, 1-июлга чейин камсыздандырбагандарга айып пул салуу боюнча гана убакыт берилип, кечиккендерге мүмкүнчүлүк түзүлдү. Демек, камсыздандырууга жетишпей калгандар үчүн кошумча убакыт бар», — деди ал.

Орунбеков «убакыт бар экен, кийин камсыздандырам» деген ойдон алыс болуп, унааларды өз убагында камсыздандырып алууга чакырды. «Мен өзүмө таандык унаамды камсыздандырдым», — деп жазды ал.

400