7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орунбеков «Ысык-Көл» аэропортунун дубалынын кулашы боюнча түшүндүрмө берди

513

Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» аэропортунун дубалы кулап калган видео соцтармактарда тараган. Талкууга алынган видеотасма боюнча президенттин маалымат саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Тамчы аэропортунун аймагын тоскон дубалдын бир аз бөлүгү катуу шамалга байланыштуу кулап түшкөнү талкууланып жатат. Бул дубал өткөн жылы дагы урап калып, подрядчы компаниянын эсебинен кайра тургузулган. Катуу шамалдан пескоблок дубалдар эмес, 40 тонналык контейнерлер да ордунан жылып, арматуралар ийилип, жеке үйлөрдүн дубалдары дагы урап калганын жергиликтүү эл видеого тартып, чыгарып жатат. Андыктан, окуяны бурмалап, андан терс пикир жарата бербейли. Ал жердин шамалына дубал туруштук бере албайт экен, андыктан башка тор тосмолор коюла турганын билдиребиз», — деди Орунбеков.

Эскерте кетсек, 17-февралда Ысык-Көлдө ылдамдыгы секундасына 32-37 метрге жеткен катуу шамал болгон. Ал Чырпыкты, Кош-Көл, Тамчы жана Чок-Тал айылдарында трансформатор станцияларын бузуп, электр зымдарынын мамыларын да омкоруп кеткен.

Мисал катары: Шамалдан кулабай турган ушундай тор тосмолорду койсо болот.

 

514