7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орунтаев: Бишкекте 40 кабат имарат курууга уруксаат берилет

165
Бишкекке 40 кабаттуу имараттын салынышынан чочулабаш керек. Бул тууралуу курулуш министри Нурдан Орунтаев «Кабар» агенттигине маек куруп жатып билдирди.
Ал аталган министрлик өлкө аймагында жүрүп жаткан курулуштун баарына, анын ичинде 40 кабаттуу имараттардыкына да тыкыр көз саларын белгилеген. Орунтаевдин айтымында, Сеймикалык туруктуулук жана инженердик долбоорлоо институту атайын эсептерди жүргүзүп, ошонун негизинде курулушка уруксат берилет.
«Ушу тапта 35 кабат имарат курууга уруксат бар, 35-40 кабаттын талаптары иштелип чыгууда, жакын арада 40 кабатка уруксат берген корутунду чыгат», — деди министр.
Орунтаев мындай бийик имараттар биздегидей эле сейсмикалык шарттагы башка өлкөлөрдө деле салынып жатканын белгиледи. Мисал катары Ташкентте 55 кабат, Үрүмчүдө 80 кабат имарат курулганын кошумчалаган.
Министр Бишкек ЖЭБинин 300 метрлик мунарасы деле канча жылдан бери эч нерсе болбой турганын мисал келтирди.
166