7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусияда кырсыктан каза болгондордун сөөгү туугандарына өткөрүп берилди

539

Орусиянын Ульяновск облусунда каза болгон кыргыз жарандарынын сөөгү 23-августта Кыргызстанга алып келинип, туугандарына өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунан каза болгон 4 жарандын сөөгүн Ош аэропортунан Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев коштоп келди. Каза болгондордун бири Сузак районунун Ленин айыл өкмөтүнүн Жыгач-Коргон айынын тургуну Азиз Каныбек уулунун сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди.

Облус башчысы маркумдун жакындарына көңүл айтып, кайраттуулук тиледи. Мындан сырткары каза болгондордун жакындарына ар тараптуу жардам көрсөтүүнү президент жеке көзөмөлүнө алганын белгилеп, өлкө башчысы тарабынан 300 миң сом жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин атынан берилген 50 миң сом акчалай жардамын тапшырды.

Ошондой эле, Ош облусунан каза болгон 5 жарандын да сөөгү туугандарына тапшырылды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

540