7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусиялык актер Василий Лановой 88 жаш курагында көз жумду

370

Орусиялык актёр Василий Лановой 88 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.


Маалыматка ылайык, 28-январда актердун абалы кескин начарлап кеткен жана аны жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырышкан. Көп өтпөй клиникалык өлүмгө дуушар болгон.


«2-январда Василий Лановой жана анын жубайы, актриса Ирина Купченко коронавируска чалдыкканы белгилүү болду. Актёрдун абалы жакшы болгон, бирок жаш курагына байланыштуу аны ооруканага жаткырууну чечишкен. Андан кийин анын өпкөсүнүн 5% гана жабыркагандыгы жана бир нече күндөн кийин айыгып кетери айтылган», — деп берилет маалыматта.


Белгилей кетсек, Василий Леновой «Алые паруса», «Согуш жана тынчтык», «Офицерлер», «Жаздын он жети ирмеми», «Анна жана Командир», «Турбиндердин күндөрү» аттуу кино тасмалар аркылуу белгилүү, жана андан тышкары 70тен фильмде ашык роль жараткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

371