7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусиялык жаранды карактоого шектелген кылмыштуу топ кармалды

146

ИИМдин Криминалдык милиция кызматы менен Ош ОИИБдин КМКнын ыкчам кызматкерлери карактоого шектелген 4 жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматты билдирди.

15-декабрь күнү болжол менен саат 02:30 чамасында, Ош облусунун Кара-Суу районунда жашаган 57 жаштагы жарандын үйүнө бет капчан белгисиз адамдар кирип, анын колун жана бутун “скотч” менен байлап сабашкан. Үйдү тинтишип, накталай 40 миң сом акча каражаттарын алып, белгисиз тарапка изин жашырып качып кетишкен. Маалым болгондой жабырлануучу, Орусиянын жараны болгон.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пункту (Каракчылык) менен КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иши боюнча ИИМнин КМКнын ыкчам кызматкерлери тартылып, каракчылык менен кол салууга тиешеси барлардын өздүгүн тактоого багытталган бардык зарыл болгон иштер жүргүзүлгөн. Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлеринин көңүлүн мурда соттолгон адамдар бурдурган соң, аларга карата ыкчам иштер жүргүзүлө баштаган.
Жакында ИИМнин КМКнын жана Ош ОИИБнын кызматкерлери ыкчам иштерин жүргүзүү учурунда кылмышка шектүү катары адам өлтүрүү, денеге оор зыян келтирүү, бейбаштык менен мурда соттолгон төрт жарандын тиешеси бардыгын аныкташты. Алар Бишкек жана Чүй облусунун жашоочулары 1987-жылы туулган Ж.уулу Б., 1978-жылы туулган А.Н, 1990-жылы туулган А.А., 1983-жылы туулган Б.С. кармалды.
Аталган кылмышка шектүү жарандар башка кылмыштарга тиешеси бардыгы текшерилүүдө. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

147