7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

OСАГО — кырсык болгон учурда жарандарды коргой турган курал

14

1-июлдан тарта айдоочулардын ОСАГО камсыздандыруу полиси жок болсо айып пул салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун басма сөз кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам 2016-жылдын 7-февралында күчүнө кирген. Бирок, жеке жактарга айып салуу 2025-жылдын 1-июлуна чейин жылдырылып келген.

Ушундай эле мыйзам жеке камсыздандырууну өнүктүрүп, бардык өнүккөн өлкөлөрдө иштеп, жөнөкөй жарандарга пайда гана алып келүүдө. Кыргызстан КМШда автотранспорт каражаттарынын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну эми жөнгө салды.

Көптөгөн транспорт ээлери унаа башкаруу учурундагы жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууга каршы болгону — бул камсыздандыруу полисинин баасы жогору деп доомат коюп келишкен эле. Эки миң сомго чейин деп 10 жыл мурун бекитилсе, учурда мамлекет тарабынан белгиленген базалык тарифи 1680 сомду түзөт.

Биринчи кезекте башкаларга караганда көбүрөк кызыкдар боло турган унаа ээлери каршы болгондору таң калыштуу. Алардын көбү камсыздандыруу компанияларына ишеним артпай, жол кырсыгы болгон учурда төлөмдөр боюнча көйгөйлөрдөн коркуп жана транспорт каражаттарын каттоодо же кайра каттоодо полис милдеттүү экендигине каршы болуп келишкен. Бул түшүнбөстүк жана курулай доомат.

Жарандардан акчалай төлөм талап кылынган өкмөттүн демилгелери ар дайым колдоого алынбай келгени боюнча Кыргызстандын жаңы тарыхында мисалдар көп. Албетте, арасында туура эмес, элдин чөнтөгүнө кол салган буйрук Бакиевдин мезгилинде уюлдук байланышта болгон. Ар бир уюлдук байланыш үчүн 60 тыйындан төлөм киргизилгени эсиңерде болуш керек. Мындай кадам конституциялык нормаларды бузуу катары бааланып, арты эмнеге алып келгенин билебиз. Кийинки келген бийликтер жарандардан төлөм талап кылган чечимдерден чоочуп калышкан. Себеби, ошондогу оппозиция өлкөдөгү кырдаалды курчутууга мындай кадамдарды тез эле колдонуп кетишчү. Башында айткандай, ОСАГО боюнча мыйзам он жыл мурда кабыл алынган. ЕАЭБге кирүү үчүн Кыргызстанга ушундай шарт коюлган. Бүгүн бул мыйзам бул союзга кирген өлкөлөрдүн баарында ийгиликтүү иштеп келет. Ошондогу президент Атамбаев өз мөөнөтүн тынч өткөрөйүн деп, ОСАГО боюнча айып пул салууну токтотуп койгон.

Азыр өлкөдөгү абал түп тамыры менен өзгөргөн. Бирок ошого карабай өкмөттүн ар бир демилгесине, мыйзамдарына каршы үгүттөгөндөр да жок эмес. Алар эски заманды эңсеген, учурдагы бийликке нараазы болумуш болгон мурдагы коррупцияга малынган аткаминерлер жана жоопкерчиликтен качкан жарандар.

Жакында президент Садыр Жапаров 2030-жылга чейин өлкөнүн өнүгүү программасын бекитти. Ага ылайык, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына киргизүү планы бар. Ага жетүү үчүн жөнөкөй жарандардын дагы аң-сезими өзгөрүш керек, ар бир жаран жоопкерчиликтүү болуу зарыл.

Ал эми, ОСАГО камсыздандыруу полисине ылайык, өлкөдөгү ар бир унаа ээси же айдоочу автотранспорт каражаттарынын жоопкерчилигин камсыздандырууга ээ болушу зарыл. Себеби, унаанын рулунда отурган ар бир айдоочу жүргүнчүлөр, жөө жүргүнчүлөр, жол кыймылынын башка катышуучуларынын алдында жооптуу.

Жогоруда айтылгандай, ОСАГО — транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу дегенди билдирет. Башкача айтканда, унаанын ээсинин жоопкерчилиги жөнүндө. Бул кырсык болгон учурда күнөөлүү жабырлануучуларга келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү дегенди билдирет.

Бирок, ОСАГО полиси бар учурда камсыздандыруу компаниясы күнөөлүүнүн ордуна жабыркаган тараптардын баарына лимиттин чегинде келтирилген зыянды төлөп берет. Жабыркагандарга дарыланууга акча төлөнөт, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөнөт, үчүнчү жактардын зыянга учураган мүлкү үчүн келтирилген зыян лимиттин чегинде төлөнөт.

Эске салсак, турак жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзамга дагы каршы болгондон арбын эле. Бирок, турмуш көрсөткөндөй, бүгүн айыл жеринде 600 сомго үйлөрүн камсыздандыргандар, ар кандай кырсыктардан турак жайы бузулган учурда камсыздандыруу төлөм катары 500 миң сомго чейин алып жатышат. Мындай мисалдарды көргөн жарандар камсыздандыруу зыяндын ордун толтурууга кепилдик экенин түшүнүп, турак жайларын жана мүлктөрүн камсыздап койсо, өздөрүнө жакшы болоорун билип калышты.

Ал эми, ОСАГО боюнча улантсак, полиси барлардын кырсыкка учурап күнөөлүү болуп калган учурда анын каржылык жүгүн азайтат.

Тескерисинче, камсыздандыруу полиси жок болсо, бардык чыгымдарды күнөөлүү өзү төлөйт. Мындай учурда практика көрсөткөндөй, чыгым жүз миңдеген сомго чейин жетип калат.

ОСАГО айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатат, анткени кырсык болгон жерден качып кетүүнүн кажети жок болот. Себеби, келтирилген зыян камсыздандыруу менен жабылат. Ошондуктан, ОСАГО иштеп жаткан өлкөлөрдө айдоочулардын жоопкерчилиги жогору.

OСАГО — бул формалдуулук эмес. Кырсык болгон учурда жарандарды коргой турган курал, жабырлануучуларга келтирилген зыяндын ордун толтурууга кепилдик жана финансылык тобокелдиктерди азайта турган мыйзам.

Кыргызстандын жарандарынын жашоосунда камсыздандыруу маданияты нормага айланат деген ишеним бар. Анткени бул аларга чындап эле пайдалуу. Убакыт бар кезде, автоунааңызды камсыздандырыңыз!

Булак: Кабар агенттиги

15