7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ОСАГО полисин алуу үчүн 1-сентябрга чейин убакыт берилди

276

Кыргызстандын жарандарына ОСАГО полисин алуу үчүн үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин убакыт берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму кабарлады.

Эскерте кетсек, ОСАГО полисин милдеттүү түрдө алуу жөнүндө мыйзам ушул жылдын 1-июлунда күчүнө кирип, алып жетишпей калган айдоочуларга 3 000 сом өлчөмүндө айып салына баштамак.

Бирок, айрым себептерден улам полис алып үлгүрбөй калгандарга түшүнүү менен мамиле жасалып, аны алуу мөөнөтүн 1-сентябрга чейин жылдыруу чечими кабыл алынган. Азырынча полиси жок айдоочуларга айып пул салынбайт.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жакынкы аралыкта «Түндүк» тиркемеси же мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун филиалдары аркылуу, ошондой эле мобилдик тиркемелер аркылуу ОСАГО полисин онлайн алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин эскертти. Бир жылдык камсыздандыруу 1680 сом турат.

ОСАГО — ири чыгымдан коргой турган полис. Башкача айтканда, айдоочу кокус кырсыктап калса, камсыздандыруу компаниясы чыгымын төлөп берет. Бийлик автоунаасын камсыздандырбаган айдоочуларга мурда айып салууну пландап, бирок улам жылдырып келген.

277