7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
18°C

Ош: Баалуу металлдарды мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган чет элдик жарандар аныкталды

306

Ошто аэропорт аркылуу баалуу металлдарды мыйзамсыз алып чыгууга бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 14-апрелде «Манас» эл аралык аэрапортунда Ош-Стамбул багыты боюнча учууга аракет кылган Д.С.У., A.Б.M., А.Ч.А. жана Ш.М.К. аттуу Өзбекстандын жарандарынан сары металдан кол өнөрчүлүк менен жасалган буюмдар табылган. Болжол менен алтындан жасалган бул кол чынжырчалардын салмагы 0,540 граммды түзөт.

«Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилмекчи»,- деп берилет билдирүүдө.

Белгилей кетсек, «адамдардын жеке колдонуу үчүн товарларды Бажы бирлигинин чек арасы жана аларды чыгарууга байланыштуу бажы операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө макулдашуунун» 2.1-пунктуна ылайык кара жана түстүү металлдардын калдыктары жана сыныктарын экспортоо же импортоо чектөөлөргө негиз болгон товарлардын тизмесине кирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

307