Башкы прокуратуранын кызматкери жана «Бишкек машина куруу заводунун» кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК жана КР Башкы прокуратурасынын Тергөө башкармалыгы менен бирдикте, Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмү козголгон кылмыш ишинин алкагында Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан «Бишкек машина куруучу завод» ААКга таандык болгон жалпы аянты 62 га жер тилкесин кайтарып берүү түрүндөгү 82 млн сомдон ашык суммадагы зыяндын ордун толтурду.
Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмышты уюштурууга прокуратуранын, Сокулук районунун мамлекеттик реестринин жана Бишкектеги машина куруучу завод (БМЗ) ААКсынын кызмат адамдарынын түздөн-түз катыштыгы бар экендиги аныкталган.
Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында Башкы прокуратурасынын кызматкери, «БМЗ» ААКнын кызматкери жана эки жаран кармалды.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралар жүрүп жатат.