Бишкекте тарых музейинде «Жусуп Абдрахманов кыргыз мамлекетинин негиздөөчүсү» аттуу тарыхый даректүү тасмасынын бет ачаары өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага КРнын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты.
«Бул тасмада биринчи жолу тарыхый документтердин негизинде Ж.Абдрахмановдун ата теги, уялаш бир туугандары, орус-тузем мектебинде окуган учурлары жана Алматыдагы, Москвадагы, Оренбургдагы, Самарадагы архивдеги документтердин негизинде Ж.Абдрахмановдун мамлекеттик ишмердүүлүгү чагылдырган. Тасмада белгилүү саясатчылар, тарыхчылар жана коомдук ишмерлер Ж.Абдрахманов жөнүндө өздөрүнүн ой пикирлерин кеңири билдиришкен»,- деп берилет билдирүүдө.
Белгилей кетсек, бул тарыхый тасманынын сценарийин тарых илимдеринин доктору, профессор, КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер Асан Ормушев жазган. Ал эми фильмдин режиссеру Мырзабек Айдаралиев.