Коронавирус илдетинен эки бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 16-апрелге карата илдетти жуктуруп алган жаңы учур катталган эмес.
Пандемия башталгандан бери 200 миң 980 адам коронавирус жуктуруп, алардын ичинен 2 миң 991 адам каза болду.