Ош-Баткен-Раззаков унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жеринде ӨКМдин Баткен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жана тазалоо иштерине №2 жол тейлөө ишканасынан жана жергиликтүү бийликтен жалпы 2 техника тартылган.
Белгилей кетсек, кечээ саат 18:00 чамасында катуу жааган жаандан улам сел жүргөн сайдан сел суулары келип, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 265-чакырымы кум-шагылга, сел калдыктарына толгон.
Кошумча маалымат берилет.