Ош-Бишкек унаа жолундагы жол кырсыктан бир адам каза болуп, 9 адам ар кандай жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 11-майда Ош облусунун Өзгөн районунан өтүүчү Бишкек – Ош унаа жолунун 595-чакырымынын «Toyota land Cruiser» жана «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Жол кырсыгынын кесептинен 31 жаштагы М.Н аттуу эркек киши каза болуп, 9 адам ар кандай жаракат алышкан.
Кырсык катталган жерге куткаруучулар келгенге чейин маркумдун жансыз денесин жана оор жаракат алган жарандарды тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.
ӨКМ бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, жеңил жаракат алган жарандарды Өзгөн райондук ооруканасына жеткиришкен.