7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Парламент казинону мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда карашты

522

Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана «Кыргызстандагы оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзамдардын долбоорлорун биринчи окууда карашты. Бул тууралуу

Мыйзам долбоорлору боюнча Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Улан Сарбанов маалымат берди.

Мыйзам долбоорлору инвестицияларды тартууну стимулдаштыруу жана КРнын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан. Долбоорго ылайык Кыргызстандын аймагындагы оюн-зоок жайларынын ишинин, оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салуунун укуктук негиздери, негизги түшүнүктөр, оюн-зоок жайларын түзүүнүн жана күтүүнүн тартиби, кумар оюндарын уюштуруу жана аны лицензиялоо, кумар оюндарын уюштурууну жана өткөрүүнү контролдоо жана оюн-зоок ишинин субъекттеринин жоопкерчилиги аныкталган.

Кыргызстанда кумар оюндары лицензияланган ишкердиктин түрү болот жана лицензиялар акы төлөнүүчү негизде берилет. Долбоордо лицензиялык төлөө өлчөмүн Министрлер кабинети аныктоосу сунушталган.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев сунушталып жаткан мыйзам долбоорлорунан онлайн казино жана оюн автоматтарын алып салуу керектигин белгиледи. Ал оюн-зоок жайларынын кардарлары жалаң чет элдик жарандар болушу керектигин кошумчалады. Депутат Чыңгыз Ажибаев казинолордон бюджетке түшкөн каржылык кирешенин алдын ала эсеби боюнча суроо берип, мыйзам долбоорлорунан онлайн казинолорду да алып салуу керектигин баса белгиледи. Депутат Марлен Маматалиев, Жаныбек Кыдыкбаев, Жанарбек Акаев КР жарандарынын оюн-зоок жайларынын кардары болуп калбашы үчүн кепилдик берүү маселесин көтөрүштү. Алар сунушталган долбоорлордун нормаларын бузгандыгы үчүн казино ээлеринин жоопкерчилиги тууралуу маселени козгошту. Депутат Динара Ашимова мыйзам долбоорлоруна каршы чыгып, Кыргызстандын жарандарына казинодо ойноого тыюу салуу механизмин көзөмөлдөө кыйын экенин айтты. Депутат Арсланбек Малиев кумар бизнеси инвесторлорду тартууда факторлордун бири экенин баса белгиледи. Депутат Бактыбек Сыдыков лицензия берүүнүн тартиби тууралуу маселени көтөрдү.

Мыйзам долбоорлору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

523