Жалал-Абадда май майрамдары учурунда 39 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагында май майрамдарына карата ЖКККБ кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтүштү. 10 күн ичинде жол эрежелерине байланыштуу 2457 протокол толтурулган.
Анын ичинен 984 учуру ылдамдыкты белгиленген чектен ашырып айдагандар. 56 айдоочу тиешелүү документтери жок унаа башкарса, 39 айдоочу мас абалда болгон. Ал эми 117 автоунаа айып короосуна токтотулган.