Ош — Бишкек унаа жолунда жол кырсык катталып, 5 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Бишкек-Ош унаа жолунун 286-чакырымында «Honda Logo» үлгүсүндөгү жеңил унаа менен «VOLVO» оор жүк ташуучу унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 5 адам ар кандай жаракат алган.
«Кырсыктан 1973-жылы туулган аял киши, 1961-жылы туулган 4 эркек киши жаракат алды. Дагы эки адамдын аты-жөнү такталууда. Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган жарандарды жолдо бара жаткан жарандар өздүк унаалары менен райондук ооруканага жеткиришкен. Жерине ӨКМдин Токтогул райондук №97 Өрт куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылган», — деп жазылат маалыматта.