Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы — Мария Айтматова 79 жашка караган курагында дүйнө салды. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
“Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун үй-бүлөсүнө залкар жазуучунун жубайы Мария Айтматованын дүйнөдөн кайтышына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жаткан жери жайлуу болсун”, – деп жазган ал.