7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрине жаңы орун басар дайындалды

704

Базарбаев Нурдөөлөт Сатыбекович Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Буга чейин, Нурдөөлөт Базарбаев социалдык камсыздоо департаментинин директору кызматын аркалап келген.

Базарбаев Нурдөөлөт Сатыбекович  1968-жылы 28-октябрда Токтогул районунун Сары -Камыш айылында төрөлгөн.   5 баланын атасы.

Жогорку билимдүү, Улуттук Университтин юридика факультетин 2001-жылы аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1987-1994 —  Фрунзе атындагы заводдо, мамлекеттик басмаканада эмгектенген;
  • 1994-2001 — КГНУнун окуу бөлүмүндө адис;
  • 2001-2007 — жеке ишкер;
  • 2007-2008 — «Бишкек Консалтинг» ЖЧКсында юрист;
  • 2008-2010 — «Soap Corporation» ЖЧКсында юрист;
  • 2010-2014 — Социалдык өнүгүү министрлигинин Социалдык камсыздоо департаментинин социалдык тейлөө бөлүмүнүн башчысы;
  • 2014-2021 — Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Социалдык камсыздоо департаментинин директору;
  • 2021-жылдын 24-марттында КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары болуп дайындалды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

705