Ош облусунда дайынсыз жоголгон 14 жаштагы өспүрүм кыз, бүгүн Бишкектен табылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлайт.
20-апрелде “102” кызматына Жумабек жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде жашы жете элек кыз жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.
Айтылган даректен табылган кыз 14 жаштагы У.Н. экендиги такталган.
Ал 12-апрелде Ош облусунун Өзгөн районундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп, издөөдо жүргөн.
Кыздын туугандарына кабар берилип, алар келгиче Свердлов райондук милициясына жеткирилген.