7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош: Кафеден 5 млн сом уурдаган 15 жаштагы өспүрүмдөр кармалды

880

Ош шаарында ири суммада акча уурдаган өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр үстүбүздөгү жылы 22-январда Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан эл көп барган кафелердин бирине түндө терезеси аркылуу уурулукка киришип, жалпы суммасы 5 млн сомдон ашуун акчаны уурдап кетишкен.

Милиция кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын тургундары 2008-жылы туулган Д.М. жана Н.А. кармалышкан. Кылмыштын негизги уюштуруучусу Д.М. жаш болгонунуна карабастан мурда 3 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Учурда шектүү балдар Жалал-Абад шаарындагы атайын балдардын тергөө абагында кармалууда жана аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

Өспүрүмдөр уурдалган акчанын көпчүлүк бөлүгүн бекиткен жеринен таап беришти. Бирок аз убакыт ичинеде 480 миӊ сом акчаны өз кызыкчылыгына иштетишип, ар кимге берип үлгүрүшкөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

881