7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош: Мөөнөтү өтүп кеткен 6 миңден ашуун кондитердик азыктар сатуудан алынды

609

Ош шаарындагы бардык соода түйүндөрүндө мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик жана этикеткасыз азыктарды текшерүү жүрүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын санэпид көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынын алдындагы тиешелүү комиссиянын ишинин алкагында калаадагы бардык соода түйүндөрүндөгү мөөнөтү өтүп кеткен жана этикеткасы жок азыктарды текшерүүдөн өткөрүшүүдө. Айрыкча тез бузулуучу азыктарга, анын ичинде кондитердик жана сүт азыктарына өзгөчө көңүл бурулууда.

Борбордун маалыматы боюнча, жарандар “Мухаммед” жана “Туран” кичи райондорунда жайгашкан дүкөндөрдөн сатып алган “Сахобат” кондитердик азыктарынан массалык ууланганына байланыштуу дүкөн ээлерине 1000 сомдон административдик айып салынган. Ал эми “Сахобат” кондитердик цехинин ээсине 7500 сом айып пул салынган.

Мындан тышкары, цехте даярдалган продукциялар калаадагы жана шаарга жакын райондордогу соода түйүндөрүндө сатылып келгени аныкталып, 2-майдагы рейд учурунда 5000 даана кондитердик азыктар сатуудан алынды. Бүгүн, 3-майда жүргүзүлгөн рейдде “Сахобат” цехинен даярдалган каймак креми кошулган 1347 кондитердик азыктар алынган. Техникалык регламенттин талаптарына жооп бербеген бардык продукциялар тиешелүү комиссиянын катышуусунда Ош шаарындагы таштанды таштоочу жайда жок кылынды.

Белгилей кетсек, комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен санэпид көзөмөлдөө борбору Ош облусунун ички иштер башкармалыгына КРнын “Бузуулар жөнүндө кодексине” ылайык тиешелүү чараларды көрүү боюнча кат жөнөткөн.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

610