Акыркы сутка ичинде Ош шаарында аба ырайынын ысык болушунан улам тамак-аштан уулануу фактылары катталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ош мэриясы жарандардан тез бузулуучу тамак-аш азыктарын, өзгөчө сүт жана кондитердик азыктарды сатып алууда этият болууну өтүнөт.
«Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын, өзгөчө сүт жана кондитердик азыктарды сатып алууда этият болуңуз. Продукциянын мөөнөтүнө, сапатына жана тиешелүү уруксат кагаздарынын болушуна сөзсүз көңүл буруңуз!»-деп берилет билдирүүдө.
Эскерте кетсек, 1- майда Ош облусунун аймагында массалык уулануудан 35 адам жабыркаган.