7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 35 адам таттуу токочко ууланды

674

Ош облусунун аймагында массалык уулануудан 35 адам жабыркаган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, караганда, 1-майда ооруканага ууланган 3 адам кайрылса, 2-май, саат 10:00гө карата алардын саны 15ке жеткен.

Эпидиликтөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, 9 үй-бүлө тамак-ашка ууланган, жалпы 35 адам жабыркаган, алардын ичинде 14 жашка чейинки 18 бала бар.

Жабыркагандар Кара-Суу районундагы «Сахобат» деп аталган кондитердик цехте жасалган таттуу токочторду жегенден кийин өздөрүн жаман сезе башташкан.

Аталган кондитердик цех пландан тышкары текшерилип, кожоюнуна 7500 сом өлчөмүндө айып салынып, жабылды. Ал эми Ош шаарынын дүкөндөрүнөн 20.000 даана пирожный сатуудан алынды. Андан сырткары, дагы 3 дүкөнгө айып салынды.

Жабыркагандардын барына алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү. Учурда алардын абалдары жакшы болуп калгандыгы кабарланды.

«2-май, саат 16:00гө карата ооруканада 14 бала дарыланууда, абалдары туруктуу. Учурда аталган факты боюнча териштирүү иштери уланууда», — деп айтылат маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

675