7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош облусунда ишкердин үй-бүлө мүчөлөрүнө каракчылык кол салуу болду

152

Ош облусунун Кара-Суу районунда ишкердин үй-бүлө мүчөлөрүнө каракчылык кол салуу болду. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 26-декабрда саат 10:00дөр чамасында Савай айыл аймагынын 47 жаштагы тургуну О.С. өзүнүн 24 жаштагы уулу С.уулу С. менен биргеликте Hyundai Sonata унаасын айдап бара жаткан.

Ал эми каршы тилкеде «СсанЙонг Муссо» үлгүсүндөгү машина келе жаткан. Бир маалда ал ылдамдыкты жогорулатып келип Хундайды сүзүп жолдун четине түртүп жиберген. Унаадан эркек адамдар түшүп 24 жаштагы баланын бутуна ок чыгарышкан. Унаанын арткы отургучунда 100 миң доллар салынган баштык болгон. Кылмышкерлер баштыкты алып кийин “ДЭУ Нексия” унаасына отуруп, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Бул факт боюнча материалдар Кара-Суу РИИБнин КЖБРнин каттоосунан өтүп, “Каракчылык” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Кылмыш болгон жерден октор табылган. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Дэу Нексия” Киров айылынын Сарай айыл аймагынын Жаңы-Чек участкасынан табылды. Кол салгандарды кармоо боюнча ыкчам чаралар көрүлүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

153