7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош облусундагы шайлоо тилкелери өз ишин баштады

464

Ош облусундагы шайлоо тилкелери өз убактысында ачылып, жарандар добуш берип жатышат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Облуста шайлоочулардын жалпы саны 783,390 жаранды түздү. Жалпы 492 шайлоо участкасы ачылып, иш алып барууда. Облустун аймагында жалпы депутаттык мандаттын саны 1541ди түзсө, анын ичинен аялдар үчүн бөлүнгөн квота 599ду түзөт.

Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан бардык участкаларда зарыл болгон бардык шарттар түзүлүп, коомдук коопсуздукту камсыздап, мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн укук коргоо кызматкерлери жана элдик кошуундар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Эч кандай мүчүлүштүктөр жок.

 

465