11-майда Ош облусунун Кара-Суу району Ош — Сары-Таш — Эркештам унаа жолунун 4-6-7-чакырымдарында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Натыйжада Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Чек, Асан-Чек айылдарында, Шарк айыл өкмөтүнүн Фуркат айылында, Нариман айыл өкмөтүнүн Беш-Мойнок айылында 12 турак үйгө зыян келтирилген. Анын ичинен 4 турак үйдүн жер төлөөсүнө, 8 турак үйдүн короосуна, 1 мектептин, 1 бала бакчанын жана медициналык борбордун короолорун каптаган.
Жерине Кара-Суу райондук ӨКМ бөлүмүнүн ыкчам тобу жана Кара-Суу райондук №25 бөлүмдөн 16 куткаруучу, РӨКОдон 27 куткаруучу 3 мотопомпа менен, Ош шаардык башкармалыгынан 20 куткаруучу 2 мотопомпасы менен, №21 ЖТИден 1 грейдер жана айыл өкмөтүнөн 1 эксковатор тартылган.
Кошумча маалымат берилет.