7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарынан келе жаткан унаадан баңгизаттын оор түрү табылды

246

Ош шаарынан келе жаткан унаадан баңгизаттын оор түрү табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-январда баңгизаттардын оор түрүн ташуу менен алектенүүчү каналга бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө Хонда Степвагон унаасы менен баңгизаттын оор түрүн Ош шаарынан Чүй облусуна ташып бара жатканы аныкталган.

«Маршруттук таксинин айдоочусуна белгисиз жактар тарабынан Чүй облусунун Сокулук районунун айылдарынын бирине жеткирүү үчүн шек туудурган жүк берилген. Жүктү алуу учурунда ИИМдин кызматкерлери тарабынан иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжада саат 12:30дар чамасында Чүй облусунун жолунан жүктү берүү учурунда шектүү кармалган. Ал жүктү алуу үчүн буга чейин соттолгон, ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган 1988-жылы туулган А.А. аттуу жаран барган. Жүккө кароо жүргүзүү учурунда кийимдеринин арасынан баштыкка оролгон уксус ангидриди жытына ээ болгон зат табылып алынган. Криминалистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылган зат 15 граммды түзгөн героин баңгизаты деп табылып, шектүү кармалган», — деп жазылат маалыматта.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар жактарды аныктоо боюнча сотко чейинки тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

247