7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарында алкоголдук продукцияны мыйзамсыз сактап жана сатып жаткан ири соода дүкөнүн аныкталды

263

Мамлекеттик салык кызматы Ош облусундагы айрым ири соода жайларына атайын салыктык көзөмөл жүргүздү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө салык кызматы алкоголдук продукцияны мыйзамсыз сактап жана сатып жаткан ири соода дүкөнүн аныкташты. Дүкөндүн сатууга лицензиясы жана сатылуучу товардын коштомо кагазы (шайкештик сертификаты, эсеп-фактуралар, товардык-транспорттук коштомо кагаздар) жок болгон. 

Иштин жыйынтыгында ар кандай түр, аталыш жана идиштеги 1958 бөтөлкө алкоголдук өндүрүм мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынып, салык кызматы тарабынан тартылып алынды. 

Ишкердик субъектке карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөрүн Мамлекеттик салык кызматы эскертет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

264