Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Oxford International School мектебинин негиздөөчүлөрү менен жолукту. Жолугушууда мэр “Оксфорд” эл аралык мектебинин негиздөөчүсү Мухаммад Шафик Абд Ут Тавваб, окуу директору Мухаммед Буржу жана мектептин башкы менеджери Динара Каримованы кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Ош шаарына эл аралык стандарттагы Oxford International School билим берүү мекемесинин жаңы филиалын куруу боюнча сүйлөшүү жүрдү.
Бул долбоор Ош шаарынын мэриясынын инвесторлорду тартуу боюнча жүргүзүп жаткан системалуу иштеринин натыйжасы болуп саналат. Мэр Жанарбек Акаев билим берүү тармагына инвестиция тартуу аркылуу окуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүүнү жана билим сапатын жогорулатууну негизги багыт катары карай турганын айтты.
Жаңы мектеп 5 кабаттуу болуп, 850 окуучуга ылайыкталат. Белгилей кетсек, аталган мектеп окуучуларды эл аралык деңгээлдеги программалар — Cambridge IGCSE жана International Baccalaureate Diploma Programme программалары аркылуу окутат. Бул программалар бүтүрүүчүлөргө дүйнөнүн 140 окуу жайына экзаменсиз окууга тапшырууга кеңири мүмкүнчүлүк ачат.
Долбоордун алкагында тараптар ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



