7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто мэрдин балаты майрамына 600дөн ашык бала катышты

424

Бүгүн С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында Ош шаарынын мэринин балдар үчүн жаңы жылдык «Алтын балаты – 2025» майрамы өттү. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаардын жаш тургундарын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, кубанычтарды жана окууларында ийгиликтерди каалады.

Мэрдин балатысына 600дөн ашуун мектептин алдыңкы окуучулары, майыптыгы бар, аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары катышты.

Майрамдык иш-чаранын алкагында балдарга шаардык маданият башкармалыгы, “Келечек” балдардын чыгармачылык борбору тарабынан оюн-зоок программасы тартууланып, соңунда таттуу белектер тапшырылды.

425