7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарынын мурдагы мэри кармалды

350

Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана коррупциялык аракеттерди жасоого шектелип Ош шаарынын мурдагы мэри кармалды.

Маалыматка караганда, 65 жаштагы И.Ж. мамлекеттик мүлктү жеке колдорго берип жиберген. Өкмөттүн токтому менен Масалиев проспектиндеги бала бакчанын имараты атайын багыттагы объект катары ИИМдин ички аскерлеринин балансына өткөрүп берилген.

Чечимге ылайык, мүлк мамлекеттик кызыкчылыкта гана колдонулмак. Бирок мыйзам бузуу менен Ош шаарынын мэри тарабынан мыйзамсыз токтомдор чыгарылып, жер тилке коммерциялык объект куруу үчүн жеке колго өтүп, кийин мейманкана курулган.

Мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 72 миллион сом деп бааланып, толугу менен кайтарылганы айтылды. Ал эми мейманкана жер тилкеси менен мамлекеттин менчигине өткөн.

351