7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарынын вице-мэрлери иштен алынып, жаңылар келди

1284

Бүгүн, 6-сентябрь Ош шарынын вице-мэрлери алмашты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Юсупов Замир Байышович иштен алынып, ордуна Ош шаардык кеңешинин VI чакырылышынын депутаты Марс Исаев дайындалды. Дайындоо боюнча буйрукка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койгон.

Эске сала кетсек, Замир Юсупов мурда мэриянын эл аралык мамилелер башкармалыгын жетектеп жүрүп, үстүбүздөгү жылдын 2-мартында Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалган.

Ошондой эле бүгүн, коммуналдык чарба жана транспорт тармагын жетектеген вице-мэр Топчубаев Асылбек Аманович иштен алынып, анын ордуна 3 айлык сыноо менен Жунусбаев Сонунбек Калмаматович дайындалды.

Ал буга чейин Курманжан-Датка аймактык муниципалдык башкармалыгын жетектеп келген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1285